Язык/Language/Тили:

Биздин кардарлар

ball

Биздин компания Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунун татыктуу катышуучусу катары өзүн көрсөтө алды.

«Baker Tilly Bishkek» компаниясынын кызматчыларынын чоң жеке тажрыйбасына жана профессионалдык деңгээлине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында өз алдынча жана Өнөктөштөр менен биргеликте, төмөнкү сфераларда жана уюмдарда долбоорлор ишке ашырылды:

  • Финансы мекемелеринде: банктар, чакан кредиттик уюмдар, камсыздандыруу, лизинг, бааракы фонддору;
  • Тоо-кен казуу тармагы: алтын, никель, уран;
  • Телекоммуникация жана байланыш;
  • Энергетика: энергетиканы иштеп чыгаруучу жана бөлүштүрүүчү компаниялар, электр тармактары;
  • Билим берүү;
  • Мейманкана бизнеси;
  • Коммерциялык эмес институттар;

Жакынкы арада Компания Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында өзүнүн кардарлар базасын олуттуу түрдө кеңейтүүнү пландаштырууда.

Азыркы убакта ири жергиликтүү мамлекеттик жана коммерциялык компаниялар менен, ошондой эле, эл аралык структуралар тарабынан каржыланган эл аралык финансы институттары жана долбоорлору менен аудит жүргүзүү жана аны коштоочу кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор боюнча консультациялар өткөрүлүп жатат.

“Азия Банк” ЖАК
“БТА Банк” ЖАК
«РСК Банк» ААК
“Кыргыз-Швейцария Банкы” ЖАК
«Дос-Кредобанк» ААК
“Первая Микрокредитная Компания” ЖАК
“Микрокредитная компания “Фронтиэрс” ЖЧК
“Микрокредитная компания “ОКСУС” ЖАК
“Орион Банк” ААК
“Банк Эсхата” ААК
МФК “АБН” ААК
МКК «Кемин»
“Микрокредитная депозитная организация “ИМОН Интернешнл” ЖЧК
“Микрокредитная депозитная организация “Матин” ЖЧК
«SPITAMEN INSURANCE» ЖЧК
ИЛК “Лизингфайнэнс” ЖАК
“Микрокредитная депозитная организация “Арванд” ЖЧК
“Микрокредитная депозитная организация “ХУМО” ЖАК
Акционердик коммерциялык банк “Сенагат”
Эл аралык акционердик банк “Гарагум”
Мамлекеттик комерциялык банк Туркменистана “Президент Банк”
Түркмөн-түрк Акционердик коммерциялык банк
“Садерат” Иран банкынын филиалы
Мамлекеттик коммерциялык Түркмөн банк “Дайханбанк”
Мамлекеттик коммерциялык Түркмөн банк “Халкбанк”
Мамлекеттик коммерциялык Түркмөн банк “Туркменбашибанк”
Акционердик коммерциялык банк “Рысгал”
Пакистан Улуттук Банктын филиалы

“Джеруй Алтын” ЖАК
“Казахмыс Голд Кыргызстан” ЖЧК
Робаст Ресорсиз Лимитед
“Талас Коппер Голд” ЖЧК
“Кентор” ЖАК
“Андаш Майнинг Компани” ЖЧК
“Премьер Эйжа Ресорсиз” ЖЧК
“Кыргызжер Нефтегаз” ЖЧК
ZIGOS
«Алжы» ЖЧК
“Алтынкен” ЖЧК

Нарын ш. сууканал
Карабалта ш. сууканал
Токмок ш. сууканал
Талас ш. сууканал
Кант ш. сууканал
Ош ш. сууканал
Джалалабад ш. сууканал
“Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы” МИ
“Бишкек пассажирдик автотранспорт ишканасы” МИ
“Тазалык” МИ
Узген ш. водоканал
Карасуу ш. водоканал
Кызыл-Кия ш. водоканал

“Авиакомпания Эйр Манас” ЖЧК (Авиакомпания Пегасус)
«Кыргызавтомаш» АК
“Bear Beer” ЖАК
“Каинды Кант” ААК
“Кант ТШП” ЖЧК
«HTI Group» ЖЧК
“НУР Телеком” ЖЧК
«Пейванд» ЖЧК
«Интегра» ЖЧК
«Артезиан» ЖЧК
“Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК
“Наш” компаниялар группасы
Инспиро Груп
“Газпром Нефть Таджикистан” ЖЧК
Сугд Нефть
“Хуавей Технологии Таджикистан” ЖЧК
Одеон компаниялар группасы
“Душанбе эл аралык аэропорт” ЖАК
“Худжанд эл аралык аэропорт” ЖАК
“Куляб эл аралык аэропорт” ЖАК

Бүткүл дүйнөлүк банк
Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү боюнча Европа Банкы
Өнүктүрүү боюнча Евразия Банкы
Датская Церковь Көмөк
Кызматташтык боюнча Швейцария Бюросу
Bread for the World
“Үй-бүлөнү пландоо Тажик Альянс” Коомдук бирикмеси
Айыл чарба өнүктүрүү боюнча эл аралык фонду (IFAD)

Samsung Electronics
Wrigley
Herbalife
SEURECA sa
Kapsch TrafficCom KGZ LLC
China Road
China Rongsheng Heavy Industries Group Holding Limited
Uraltrans Asia
Firebridge
NFC
RIMI
Forever Living
LLC Efor Bishkek LTD (TM Beko)

Pen_1

РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЕВРОПА БАНКЫ

«Бейкер Тилли» аудитордук компаниясы биздин аудит тармагындагы өнөктөшүбүз болуп саналат. Компаниянын кызматчылары өздөрүнүн профессионалдык милдеттерин аткара алышат, алардын англис тилиндеги отчетторунун сапатын баса белгилегибиз келет.
Компаниянын кызматчыларынын профессионалдуулугу жана иш билгилиги алар көрсөткөн кызматтардын жогорку сапатын камсыздайт.
Бул кызматташтык жана «Бейкер Тилли» көрсөтүп жаткан профессионалдуу кызматтар бизди канаатандырат жана бул Компанияны ишеничтүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары сунуштоого даярбыз».

Талай Асылбеков, Банкир

«БАНК ЭСХАТА» ААК

«Банк Эсхата» Ачык Акционердик Коомунун 2012, 2013 жылдардын 31 декабрында аяктаган финансылык отчеттуулуктарына жүргүзүлгөн аудиттердин натыйжалары боюнча, Банк жүргүзүлгөн аудиттердин сапатына толугу менен канаатанды. Биз менен кызматташуунун убагында «Бейкер Тилли» өзүн аракеттүү жана профессионалдуу, Банктын көйгөйлөрүн түшүнө алган жана милдеттенмелерди өзгөртпөстөн, макулдашылган мөөнөттөрдө аткарууда жоопкерчилигин көрсөткөн өнөктөш катары таанытты. Өнөктөш жана Компаниянын кызматчылары сабаттуу чечимдерди тез кабыл алуу үчүн талап кылынуучу билимге, жөндөмгө жана тажрыйбага ээ, алардын профессионалдык деңгээли жана иш билгилиги көрсөтүүчү кызматтарынын жогорку сапатын шарттайт. «Банк Эсхата» ААК «Бейкер Тилли» менен кызматташууга кубанычтуу жана бул Компанияны ишеничтүү өнөктөш катары сунуштоого даяр.

Исроилов Т.Ф., Финансы департаментинин Башчысы

ТҮРКМӨН-ТҮРК АКЦИОНЕРДИК КОММЕРЦИЯЛЫК БАНК

Биз менен кызматташып келген убакытта, Компания алдыга коюлган маселелерди чечүүдөгү өзүнүн жогорку деңгээлдеги профессионалдык мартабасын, иш билгилигин жана аракеттүүлүгүн көрсөттү. Бардык маселелер өз убагында, так макулдашкан мөөнөттө, талап кылынган сапатта аткарылат.
Компаниянын кызматчылары өздөрүнүн профессионалдык милдеттенмелерин сабаттуулук менен аткарышат. Биздин кызматташтыгыбыз жана «Бейкер Тилли» компаниясынын профессионалдуу көрсөткөн кызматтарынын сапаты бизди канаатандырат жана бул компанияны ишеничтүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары сунуштоого даярбыз.

Сердар Сапаров, Главный бухгалтер

«ПРЕЗИДЕНТБАНК» ТМКБ

«Бейкер Тилли» компаниясы Түркмөнстандын «Президентбанк» Мамлекеттик Коммерциялык Банкынын 2013 жылдын 31 декабрында бүткөн жылынын финансы отчеттуулугуна аудит жүргүздү. Аудитордук кызмат көрсөтүүнүн убагында Компаниянын кызматчылары иш билгиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Алар Эл аралык Аудит Стандарттарына жана Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык Стандарттарына байланыштуу билимдерге жана ыкмаларга кеңири ээ болгондуктан, дасыккан жана сапаттуу аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү камсыздай алышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө биз алган кепилдемелер биздин банктын ишмердүүлүгүн сезилерлик жакшыртууга жардам берди. Ийгиликтүү кызматташтыктын тажрыйбасына таянып, биз «Бейкер Тилли» компаниясын аудитордук текшерүүнү сапаттуу жүргүзүүгө кызыкдар болгон компанияларга сунуштайбыз.

Атабаллыев А.М., Башкаруунун Төрагасы

«ГАРАГУМ» ЭАБ

«Бейкер Тилли» Аудитордук Компаниясы «Гарагум» Эл аралык Акционердик Банкынын 2013-жылдын 31 –декабрында бүткөн жылынын финансы отчеттуулугуна аудит өткөрдү. Компания менен иш алып барган убакытта биз көрсөтүлүп жаткан аудитордук кызматтардын профессионалдык сапатына жана иш билгилигине ынандык. Биз түзүлгөн ишкердик жана достук мамилелердин сакталышына ишенебиз жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкка үмүттөнөбүз. Биз Компаниянын кардарларга көрсөткөн жеке мамилесин жана коюлган маселелерди макулдашылган мөөнөттөрдө аткарууда көрсөткөн профессионалдык деңгээлин баалайбыз. Биз «Бейкер Тилли» менен болгон кызматташтыгыбызга кубанычтабыз жана бардык кызыкдар жактарга жогорку профессионалдуу өнөктөш катары сунуштайбыз.

Бабаев М.Х., Башкаруунун Төрагасы

МДО «ИМОН ИНТЕРНЕШНЛ» ЖАК

Биз «Бейкер Тилли» компаниясы менен 2012-жылдан бери иштейбиз. Бул убакыттын ичинде Компания өзүн кардардын ийгилиги үчүн кам көргөн, ишеничтүү, тажрыйбалуу өнөктөш катары көрсөттү. Бизге Компаниянын адистеринин аудитти өткөрүүдөгү жогорку квалификациясы жакты, мындан сырткары, аларга мамиле түзүүгө жөндөмдүүлүк, жоопкерчилик, жооп берүүдөгү ыкчамдык мүнөздүү. Компаниянын өндүрүштү башкаруусу жакты. «Бейкер Тилли» компаниясынын ишине ыраазыбыз, биздин Байкоочу Кеңешибиз 2014-жылдагы иштер үчүн Сиздердин Компанияны тандады жана биз мындан аркы биздин кызматташтыкка абдан кубанычтабыз.

Шарипова С.М., Генералдык Директор

«САДЕРАТ» ИРАН БАНКЫНЫН АШХАБАДДАГЫ ФИЛИАЛЫ

«Бейкер Тилли» аудитордук компаниясы менен биз бир нече жылдан бери иштешип келе жатабыз жана биздин кызматташтыгыбыз жемиштүү жана өз ара пайдалуу болууда. Компания “Садерат” Иран Банкынын Ашхабаддагы Филиалынын 2011, 2012 жана 2013- ж.ж. 31-декабрында бүткөн жылдарынын финансы отчеттуулугуна аудит өткөрдү. Биздин уюмду аудитордук текшерүүлөрдүн убагында аудиторлордун квалификациясынын жогорку деңгээли, иш жүрүмүн туура уюштура билүүсү жана ак ниеттүүлүгү белгиленди. Аткарылган жумуштар Компаниянын аудиторлорунун теориялык жана практикалык билимдердин кеңири тармагын өздөштүргөнүн көрсөттү. Аудиторлордун орундуу берген сунуштары көңүлгө алынды. Мындан сырткары, аудитор кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапаты менен бир катар баа саясатынын ийкемдүүлүгүн белгилейбиз. Компаниянын жетекчилерин жана аудиторлорун алардын ишке болгон жеке мамилеси жана иш жүрүмүндө пайда болуучу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Биз «Бейкер Тилли» компаниясынын аудиторлорун финансы-кредиттик компанияларга биздин тармактын өзгөчөлүктөрүн билген адистер катары сунуштоого даярбыз.

С.К. Хассани, Башкаруучу

МДО «АРВАНД» ЖЧК

«Бейкер Тилли Таджикистан» Компаниясы аудит тармагындагы биздин өнөктөшүбүз болуп саналат. Биргелешкен кызматташтыктын учурунда Компания өзүнүн жогорку профессионалдык деңгээлин, иш билгилигин жана коюлган маселелерди чечүүдөгү аракеттүүлүгүн, кардардын таламдарына жана түшүндүрмөлөрүнө убагында жооп берүүгө даярдыгын көрсөттү. Компания бизге мыкты профессионалдык деңгээлдеги, Эл аралык Аудит Стандарттардын жана Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык  Стандарттарынын талаптарына жооп берген кызматтарды көрсөткөндүгүн ырастайбыз. Компаниянын адистеринин профессионалдык деңгээли жана иш билгилиги көрсөтүүлүчү кызматтарынын жогорку сапатын шарттайт. ООО МДО «Арванд» биргелешкен кызматташтыкка жана ООО «Бейкер Тилли Таджикистан»тарабынан көрсөтүлгөн профессионалдык кызматтардын сапатына ыраазы жана бул Компанияны ишеничтүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары сунуштоого даяр. 

Шоира Садыкова, Генералдык Директор

МКК «ОКСУС Кыргызстан»

«Оксус Кыргызстан» МКК «Бейкер Тилли» аудитордук Компаниясынын ишин 2013 –жылы көрсөткөн аудитордук кызматтарынын негизинде баалады. Биздин кызматчылар жана уюмдун башкаруучулары «Бейкер Тилли» компаниясынын аудитке байланышкан чоң көлөмдөгү иштерди белгиленген мөөнөттө аткаруу үчүн зарыл болгон аракеттүүлүгүнө жана иштиктүү мамилесине ыраазы болушту. Биз, «Бейкер Тилли» компаниясынын кызматчылары жаш жана жигердүү, профессионалдык деңгээлдери жогору экендигин ырастайбыз. «Бейкер Тилли» аткарган иштер толугу менен Эл аралык Аудит Стандарттарына жана Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык Стандарттарына жооп берет. Ички көзөмөлдөө тутумун жакшыртуу боюнча аудиторлор тарабынан бизге берилген сунуштар пайдалуу болуп, «Оксус Кыргызстан» МККнын Кеңеши тарабынан жогору бааланды. Биз «Бейкер Тилли» менен мындан ары дагы кызматташтыкты улантууга умтулабыз жана МККнын Кеңеши 2014-жылдын финансы аудитин өткөрүү үчүн «Бейкер Тилли» компаниясын тандады. Биз «Бейкер Тилли» аудитордук компаниясын бардык профессионалдуу аудитордук кызмат көрсөтүүгө кызыкдар жактарга ишеничтүү сунуштайбыз.

Равшан Досонов, Финансы Директору

ООО МДО «МАТИН»

«Аудиторская Компания «Бейкер Тилли» провела аудит финансовой отчетности ООО МДО «Матин» за год закончившийся 31 декабря 2013 года. По итогам проведенного аудита, Компания подтвердила свой высокий профессиональный статус, компетентность и оперативность в решении поставленных задач, своевременное реагирование на  наши запросы и комментарии. Все работы со стороны Компании выполнялись вовремя, в строго оговоренные сроки и с надлежащим качеством, в соответствии с требованиями Международных Стандартов Аудита иМеждународных Стандартов Финансовой Отчетности. Мы удовлетворены качеством профессиональных услуг, оказываемых «Бейкер Тилли», рады нашему сотрудничеству и рекомендуем эту компанию как компетентного и надежного партнера».

Рустам Ботуров, Генеральный Директор

«КЕНТОР ГОЛД» КОМПАНИЯЛАР ГРУППАСЫ

«Бейкер Тилли» аудитордук компаниясы аудит тармагында биздин туруктуу өнөктөшүбүз болуп келе жатат. Биз менен кызматташуунун учурунда, өзүн аракеттүү жана профессионалдуу, Компаниялар Группасынын көйгөйлөрүн түшүнгөн жана милдеттенмелерди макулдашылган мөөнөттө аткарууга жоопкерчиликтүү өнөктөш катары көрсөттү. Өнөктөш жана Компаниянын кызматчылары Группанын жеке максаттарына жетишүү үчүн зарыл болгон чечимдерди тез кабыл алууга зарыл болгон билимдер, жөндөмдөр жана тажрыйбага ээ».

Аида Мамаразиева, Финансы консультанты

«ЭЛ АРАЛЫК ХУДЖАНД АЭРОПОРТУ» ЖАК

«Эл аралык «Худжанд аэропорту» Ачык Акционердик Коому аудит тармагында ООО «Бейкер Тилли Таджикистан» менен кызматташтыкта. Компания аэропорттун 2011-2012- жылдардагы финансы отчеттуулугун аудитин Эл аралык Аудит Стандарттарына жана Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык Стандарттарына ылайык жүргүздү. Иштин жүрүмүндө, Компаниянын кызматчылары өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын, профессионалдуулугун, иш билгилигин, эмгекчилдигин жана тартиптүүлүгүн көрсөттү. Бардык маселелер өз убагында жана тийиштүү деңгээлдеги сапатта аткарылды. Компания менен болгон кызматташтык биздин ЕББР менен болгон кызматташтыгыбызга тиешелүү суроолорузга квалификациялуу консультация алуубузга жана зарыл болгон чечимдерди кабыл алуубузга мүмкүндүк берди. Компаниянын кызматчыларынын жогорку профессионалдык деңгээли жана иш билгилиги бизге аны ишеничтүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары сунуштоого укук берет.

Алиджон Вохидов, Башкы бухгалтер

«ДЖЕРУЙАЛТЫН» ЖАК

Биз менен кызматташуунун учурунда Компания өзүүнүн жогорку профессионалдык деңгээлин, иш билгилигин жана коюлган маселелерди чечүүдөгү аракеттүүлүгү, кардар тараптын суроолоруна жана түшүндүрмөлөрүнө өз убагында жооп берүүгө даярдыгын ырастады. Бардык жумуштар өз убагында, макулдашылган мөөнөттөрдө, тийиштүү сапатта аткарылды. Бизге жогорку профессионалдык деңгээлде, Эл аралык Аудит Стандарттарына жана Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык Стандарттарына ылайык кызматтар көрсөтүлгөндүгүн ырастайбыз.

Сабир Рахматов, Финансы директору

«ТУРКМЕНБАШИ» ТМКБ

«Компания «Бейкер Тилли» компаниясы Түркмөнстандын Мамлекеттик Коммерциялык Банкынын финансы отчеттуулугунун 2013- жылдын 31-декабрында аяктаган жылынын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүздү. Бирге алып барган кызматтын натыйжасында, Компания тууралуу ишеничтүү, иштиктүү өнөктөш, деп айтса болот. Компаниянын өзгөчөлүгү катары адистердин жогорку профессионалдуулугун, иш билгилигин, биз аныктаган маселелелерди чечүүдөгү ар тараптуу жана ийкемдүү мамилесин жана өздөрүнө алган милдеттенмелерди кылдат аткаруусун белгилеп кеткибиз келет. Кызматташ өнөктөштү тандоодо биз көрсөтүлүүчү кызматтардын  жогорку сапаты менен баасынын айкалышына чоң маани бердик, Компаниянын бул көрсөткүчү биздин пикирибизде, аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда эң мыкты болуп эсептелет. «Бейкер Тилли» компаниясын аудит тармагындагы профессионалдуу өнөктөш катары сунуштайбыз». 

Т. Назаров, Башкаруунун Төрагасынын орун басары

An independent member of Baker Tilly International