Язык/Language/Тили:

Компания тууралуу маалымат

about-us

«Baker Tilly Bishkek» Baker Tilly International аудитордук компаниясынын эл аралык тармагынын расмий мүчөсү болуп саналат, ал дүйнөнүн 141 мамлекетинен 165 компанияны бириктирет. Тармактын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан.

Кызматкерлердин саны 28 000 адамга жетет, тармактын глобалдуу кирешесинин жыйындысы 3,8 млрд. АКШ долларын түзгөн ( 2015-жылдын статистикасы келтирилди). Тармактын мүчөлөрү болуп саналган компаниялардын пайдасынын жыйындысы боюнча, Baker Tilly International дүйнөлүк рейтингде 8-орунду ээлейт.

Биз Эл аралык Аудит Стандарттарына, Финансы Отчеттуулугунун Эл аралык Стандарттарына жана жергиликтүү мыйзамдын талаптарына ылайык, бухгалтердик жана аудитордук тейлөөнү жогорку деңгээлде көргөзөбүз. Бейкер Тилли Бишкек компаниясы «Большая Четверка» аудитордук компанияларынын маанилүү иш тажрыйбасы менен жаш, максаттуу умтулган кесипкөйлөрдүн командасынан турат, Компаниянын кызматкерлери АССА жана CIPA бухгалтердик тастыктоосунун эл аралык программаларынын студенттери жана ээлери болуп саналышат. Биздин кызматкерлер Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстан менен Россиянын банк чөйрөсүндө жана финансы институттарында, камсыздандыруу жана лизинг компанияларында, тоо-кен өндүрүүчү жана иштетүүчү тармак ишканаларында, коммерциялык эмес уюмдарда аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ.

Биздин максат – Борбордук Азияда өз сегментибиздеги жетектөөчү аудитордук фирма болуу, сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык, биздин кардарларга аудитордук жана аудитти коштоочу кызматтарды көргөзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында кардарларды тейлөө тармагын болушунча кеңейтүү.

Бүгүнкү күнгө биздин адистер биздин өнөктөштөр тарабынан өткөрүлгөн бир нече аудитордук долбоорлорго катышышты, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, Тажикстан Республикасынын коммерциялык банктарынын аудити, ошондой эле, Эл аралык Финансы Институттарынын долбоорлорунун аудити бар. Биз мындан сырткары, Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү боюнча Европа Банкынын кардарларынын аудити боюнча кызмат көргөзөбүз.

Биздин кызматкерлер

team

Биздин кызматкерлер Компаниянын негизги активдери болуп саналышат. Компаниянын ийгилиги биздин Команданын профессионалдык деңгээлине негизделген.

Биздин Компаниянын аудиторлору эл аралык аудитордук компанияларда, эл аралык уюмдарда жана мамлекеттик органдарда кеңири иш тажрыйбасы бар. Компания тарабынан өзгөрүлмө жана ийкем рынокто алынган тажрыйба, биздин кардарларга бизнестин, активдердин жана финансы куралдарынын коопсуздугунун кошумча шартын камсыз кылат.

Биздин Команданын ар бир мүчөсү Компаниянын кынтыксыз аброюнун сакталышына жооптуу. Биз аудиттин аудиттин профессионалдык стандарттарын кылдат карманабыз жана өз ишибизде сапатты текшерүүнүн ички тутумун колдонобуз.

Биздин компаниянын адистери профессионалдык өнүгүү боюнча эл аралык программаларга катышуу менен өз билимин тереңдетүүнү улантып келишет. Мисалы, эл аралык деңгээлде таанылган АССА тастыкташтыруу программасы. Профессионалдуу кызматтарды көрсөтүү максатында биз натыйжалуу жана сапаттуу иш алып барууга зарыл болгон тажрыйбасы жана көндүмү бар адистерди ишке тартабыз. Тажрыйбанын жана билимдин мындай айкалышы биздин кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатын кепилдейт.

Baker Tilly International

Aairline schedule

Baker Tilly International – көз карандысыз аудитордук, салык жана консалтинг компанияларынан турган, жалпы кирешесинин көлөмү боюнча дүйнө жүзүндө 8- орунду ээлеген тармак. Baker Tilly компаниясынын дүйнөнүн 137 өлкөсүндө жайгашкан 161 катышуучу-фирмаларынын 738 кеңсесинде 27 000 кызматкерлер иштешет. 2013- финансы жылына карата тармактын глобалдык жалпы кирешеси 3,4 млдр. АКШ долларын түздү. Тармактын штаб квартирасы Лондондо жайгашкан.
Тармактын ири катышуучулары болуп Бириккен Королевстводо, Америка Кошмо штаттарында, Германияда, Нидерландыда жана Францияда жайгашкан фирмалар эсептелет. Биздин Кипрде, Украинада, Швейцарияда жана башка Россия ишкерлеринин тартуучу мамлекеттеринде күчтүү кеңселерибиз бар.

Baker Tilly International тармагына кирген бардык фирмалар кардарларды тейлөө, тейлөө сапатынын жогорку стандарттары жана ишти аткаруу технологияларын жана сапатты ар дайым жакшыртуу, бири-бири менен байланышта аракеттенүүдө глобалдуу жүрүшкө негизделген жалпы философияны бөлүшөт.
Алдыңкы тажрыйба жана андан да мыкты ыкмаларды иштеп чыгуу максатында Baker Tilly International да тармактык жумушчу топтор түзүлүүдө, алар тиешелүү тармактагы жана ишмердүүлүк түрүндөгү катышуучу-фирмалардын жетишкендиктериндеги мыкты мисалдарды изилдейт.

Baker Tilly International дын баарынан баалуу активи – кынтыксыз кадыр баркы. Фирманын кадыр баркы кийинки факторлорго негизделген: тейлөө сапаты, аракеттүү мамиле, кардардын үзүрлүү коммуникациясы менен профессионалдык стандарттардын шайкеш келиши.
Биздин ар бир кардар ага көргөзүлгөн тейлөөдөн болушунча пайда алат, анда ар бир тейлөө кардардын ишкердиги үчүн таасирдүү чечим болот жана кардар үчүн күтүп жаткан натыйжасынын “үстүнө” кошумча пайда табууну болжолдогон биздин тейлөөлөргө холистикалык мамилебиздин аркасында ошол пайдага жетише алат.

Тармактагы мүчөлүк Baker Tilly Internationalга кирген фирмаларга, ички дагы, эл аралык да долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу мүмкүндүгүн берет.

Биз бардык кардарларга Baker Tilly Internationalдын катышуучу-фирмаларынын кеңселери иштеп жаткан бардык мамлекеттерде профессионалдык колдоо көргөзөбүз деп кепилдик беребиз.

Тармактын катышуучу-фирмалары тарабынан сунушталган тейлөөнүн сапаты тармактын штаб-квартирасынын эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн мезгилдүү текшерүүлөр тарабынан кепилденген. Тармакка кирген фирмалардын көз карандысыздыгы анын эл аралык рыноктогу позициясынын туруктуулугун камсыз кылат.

An independent member of Baker Tilly International