Язык/Language/Тили:

Жанылыктар

Октябрь 2017

марафон

Көптөн бери күткөн Run the Silk Road жарыш башталат. Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 2017 жылдын 19 ноябрда өтөт.  http://runthesilkroad.com/ сайтта катто өтүп бизге кошул! Эски аянтта 9:00 баштоо.

Кыргызстандагы Baker Tilly Bishkek компаниясынын эң активдүү жана мыкты спорттук эсепчилери жана аудиторлору Биринчи Бишкектик Эл аралык жарым марафонунда катышат.

Июнь 2017

^84961DEAE8C81C77477A3AAE9E820C4C62537B24F898020227^pimgpsh_fullsize_distr

2 июнда Бишкек шаарында Эл аралык каржы форуму BIFF-2017 өтүлөт. Жергиликтүү жана чет элдик каржы институттарынын 300 ашык өкүлдөру форумга катышысууна макулдаштык беришти.

Форум каржы секторундагы, төлөм технологияларды жана анын кызматын өнүктүрүү, кибер-коопсуздук маселесин чечүү жана башка актуалдуу темаларды талкууланат.

Бейкер Тилли Бишкек форумдун өнөктөшү болуп саналат жана биз IT коопсуздук боюнча сессияны өткөзөбүз. Каттоо http://biff.kg/ сайтта мүмкүн. Келгиле – кызыктуу болот.

 

Май 2017

касперскБиз маалыматтык аудит жана консалтинг камсыздануунун каражаттарын жогорулатып жатабыз.  Кибер коопсуздук тармагындагы эл аралык компаниясы – Kaspersky Lab менен  биз кызматташуу боюнча меморандум келишимин түзгөнүбүзгө кубанычтабыз. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, билим берүү, тренингдерди өткөрүү  жана маалымат коопсуздугуна байланышкан окуяларды иликтөө боюнча биздин компания менен кызматташууну макулдашышты.

Жаңылыктар

Ноябрь 2014 жыл

        • Биз “Кыргызстанда бизнести алып баруу” деп аталган документти 2014 – жылдын ноябрь айындагы абалына карата мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланыштуу жаңырттык.
          Документ Кыргыз экономикасынын учурдагы абалы, граждандык мыйзам жана салык кодексинин 2014 –жылдын ноябрь айындагы абалына карата серепти камтыйт.  Орус жана англис тилиндеги варианттар жеткиликтүү.
        • Биз сиздердин назарыңыздарга Baker Tilly Bishkek компаниясынын кыргыз тилиндеги интернет-баракчасын тартуулайбыз – http://bakertilly.kg/?lang=bg. Ушул заматтан баштап сиздер компания жөнүндөгү маалыматтар жана биздин кызматтар менен кыргыз тилинде тааныша аласыңар.
        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын октябрь айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин сегизинчи санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз. 

Октябрь 2014 жыл

    • “Бейкер Тилли Бишкек” компаниясы 2014-жылдын октябрына карата мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Салыктар боюнча салыштырмалуу таблицаны жаңылады. Анда Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда колдонулган негизги салыктарга жалпы сереп камтылган.
      Көпчүлүк чет өлкөлүк инвесторлор Борбордук Азияны бирдиктүү рынок катары кабыл алышат жана бул сереп чөлкөмдүн салык тутумун жалпы түшүнүү үчүн пайдалуу болушу керек. Сиздер Жарыялар бөлүмүнөн Салыштырма таблицасынын орус жана англис тилдериндеги версияларын жүктөп алсаңыз болот.
        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын сентябрь айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин жетинчи санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз. 

Август 2014 жыл

        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын август айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин алтынчы санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.

Июнь 2014 жыл

      • Бейкер Тилли Бишкек өкүлдөрү Испаниянын Барселона шаарында өткөн Бейкер Тилли Интернешнл – 2014 Европалык конференциясына катышышты. Конференцияга Бейкер Тилли Интернешнлдин аймактык мүчө-фирмаларынан 150дөн ашык делегаттары келишти. 

Июнь 2014 жыл

        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын июнь айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин бешинчи санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.

Май 2014 жыл

        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын май айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин төртүнчү санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.

Апрель 2014 жыл

        • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын март айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин алтынчы санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.

Февраль 2014 жыл

      • Baker Tilly International  аудитордук компанияларынын эл аралык тармагы 2013-жылга карата – A World of Оpportunities жылдык отчетун жарыялады. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз. 
      • Бейкер Тилли Бишкек  2014-жылдын февраль айына карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Tax Alert – айлык бюллетенинин экинчи санын чыгарды. Документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.

Январь 2014 жыл

    • Жарыялоолордун алкагында Бейкер Тилли Бишкек 2014-жылдын январь айына карата мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстанда бизнес жүргүзүү мезгилдүү басылмасын жаңылады. Отчёттун англис тилиндеги версиясын Жарыялар бөлүмүнөн жүктөп ала аласыз.
    • Бейкер Тилли Бишкек ФОЭСтеги (Финансылык Отчёттуулуктун Эл аралык Стандарттары) өзгөрүүлөрдүн кыскача жыйнагын жарыялады, ал Сиздерге 2013-жылга карата финансылык отчёттуулукту даярдоодо пайдалуу болушу мүмкүн. Бул документти жүктөп алуу үчүн Жарыялар баракчасына өтүңүз.
    • Бейкер Тилли Бишкек компаниясына АССА Аккредитацияланган Иш берүүчүнүн  -персоналды өнүктүрүү боюнча  Алтын статусу (ACCA Approved EmployerTrainee Development Stream at Gold Status) расмий түрдө ыйгарылды. Бул статус компания колдонгон, персоналды окутуунун жогорку стандарттарын, ошондой эле компания өзүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча дайыма өнүгүү жолунда экенин тастыктайт.
    • Бейкер Тилли Бишкек ЮСАИДде аккредитациялоо процедурасын ийгиликтүү өтүп, Борбордук Азия аймагында аудитордук кызматтарды көрсөтүүгө сунушталган компаниялардын тизмесине киргизилди.
    • 2014-жылдын январь айына карата Кыргыз Республикасындагы салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр камтылган Tax Alert басылмасы Бейкер Тилли Бишкек тарабынан даярдалды. Толук маалымат Жарыялар бөлүмүндө.

Жаңылыктар

Октябрь 2013 жыл

  • “Бейкер Тилли Бишкек” кызматкерлери Улуу Британиянын Лондон шаарында өткөн Бейкер Тилли Интернейшнл – 2013 Бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышышты. Конференцияга Бейкер Тилли Интернейшнлдин бүткүл дүйнө жүзү боюнча мүчө-фирмаларынан 470тен ашык делегаттары келишти. 

Август 2013 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы №425 “Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация тапшыруунун тартиби жөнүндө” токтому чыкканы тууралуу маалымдайт. Токтомдо кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу боюнча кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусунун түрлөрү жана тартиби аныкталган.
    Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрында аяктаарын эсиңиздерге салабыз. Буга байланыштуу Бейкер Тилли Бишкек адистери жеке менчиктин рыноктук баасын аныктоодо, бирдиктүү декларацияны даярдоодо, аны нотариалдык күбөлөндүрүүдө жана салык органдарына тапшырууда сиздерге жардам берүүгө даяр. Кененирээк маалымат алуу үчүн +996 312 69 62 32 телефону же contact@bakertilly.kg дареги боюнча кайрылыңыздар.

Июль 2013 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек ага аудитору Султанбек Омурзаков, экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, Маалыматтык Тутумдардын Аудити жана Көзөмөлү Эл аралык Ассоциациясына (ISACA)  мүчө болуп кабыл алынды.
  • “Салыктар жана укук” журналында трансферттик баа түзүү маселелерине арналган кезектеги макалалар жарыяланды. Макалалар Жарыялар бөлүмүндө.

Июнь 2013 жыл

  • Жарыялоолордун алкагында Бейкер Тилли Бишкек 2013-жылдын июнь айына карата мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана Борбордук Азиядагы салыктар боюнча Салыштырмалуу таблица мезгилдүү басылмаларын жаңылады. Отчёттордун орус жана англис тилдериндеги версияларын Жарыялар бөлүмүнөн жүктөп ала аласыз.
  • “Бейкер Тилли Бишкек” өкүлү Даниянын Копенгаген шаарында өткөн Бейкер Тилли Интернейшнл – 2013 Европалык конференциясына катышышты. Конференцияга Бейкер Тилли Интернейшнлдин аймактык мүчө-фирмаларынан 150дөн ашык делегаттары келишти.
  • Компаниянын кызматкерлери Алматы шаарында АССА эл аралык сертификатын алууга жайкы сессиянын экзамендерине катышууда. Окутуу жана экзамен тапшыруу компаниянын кызматкерлеринин профессионалдык өсүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Май 2013 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек Кыргыз Республикасындагы жана Түркмөнстандагы бир катар банк мекемелерине аудит өткөрүүгө келишим түздү.
  • Кыргыз Республикасында трансферттик баа түзүү жөнүндө макалалардын биринчи сериясы “Салыктар жана укук” (“Налоги и право”) журналында жарыяланды. Бул макала Жарыялар бөлүмүндө жеткиликтүү.

Январь 2013 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек ФОЭСтеги жана КР мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча, тоо-кен өнөр жай компаниялары жана финансылык институттары үчүн ФОЭС жана салык салуу боюнча тренингдерди өткөрөт. Тренингдер Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-15 – февралында өткөрүлүшү пландаштырылган.

Жаңылыктар

Декабрь 2012 жыл

  • Борбордук Азиядагы Америкалык Университети Бейкер Тилли Бишкек компаниясынын көмөктөшүүсү менен БААУнун кызматкерлери, бүтүрүүчүлөрү жана студенттери арасында мини-футбол боюнча БААУнун Кышкы кубогун уюштурууда.
  • Түркмөнстанда биздин өнөктөш – “Бейкер Тилли Түркмөн” компаниясы жаңы сайтын – www.bakertilly.tm ишке киргизди.
  • Бейкер Тилли Бишкек компаниясы ARTE юридикалык фирмасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен “Интеллектуалдык менчик жана бизнес” бир күндүк семинарын жүргүздү. Биздин компаниянын өкүлү “Кыргызстанда интеллектуалдык менчик объектилерине жана келишимдерге салык салуу” темасында презентация өткөрдү.

Ноябрь 2012 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек Түркмөнстандагы ири финансы институттарынын аудитордук долбоорлорун аткарууну ийгиликтүү аяктады. Бейкер Тилли Бишкек жана жакында аудитордук лицензияны алган Бейкер Тилли Түркмөн өнөктөш компаниясы жакынкы жылдары жергиликтүү рынокто кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенишет.

Октябрь 2012 жыл

  • “Бейкер Тилли Бишкек” кызматкерлери Кытайдын Пекин шаарында өткөн Бейкер Тилли Интернейшнл – 2012 Бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышышты. Конференцияга Бейкер Тилли Интернейшнлдин бүткүл дүйнө жүзү боюнча мүчө-фирмаларынан 250дөн ашык делегаттары келишти.
  • Бейкер Тилли Интернейшнлдин Борбордук Азиядагы тармагынын мүчөлөрү Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда колдонулган негизги салыктарга жалпы сереп камтылган Салыктар боюнча салыштырмалуу таблицаны даярдашты.
  • Көпчүлүк чет өлкөлүк сыртсалым ээлери Борбордук Азияны бирдиктүү рынок катары кабыл алышат жана бул сереп чөлкөмдүн салык тутумун жалпы түшүнүү үчүн пайдалуу болууга тийиш. Сиздер Жарыялар бөлүмүнөн Салыштырма таблицасынын орус жана англис тилдериндеги версияларын жүктөп алсаңыз болот.

Сентябрь 2012 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек компаниясынын кызматкерлери Ысык-Көлдө өткөн ички тренингдерге,  Бейкер Тилли Интернейшнлдин Прагада (Чехия Республикасы) өткөн тренингдерге катышышты, алдыда боло турган АССА сессиясына жазылышты. Бейкер Тилли Бишкек компаниясы жана өз кызматчыларына профессионалдуу билим берүү жана аларды ар дайым өнүктүрүү баалуулугун карманат.

Август 2012 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек компаниясы ишмердүүлүгүн башталганынын үч жылдык мааракесин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдерине ылайык, Бейкер Тилли Бишкек Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы лицензиялаган финансылык институттарынын финансы аудитин өткөрө алат.

Июнь 2012 жыл

  • Бейкер Тилли Интернешнл аныктаган эрежелерге ылайыкталган “Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү” каталогу даярдалды. Документ 2012-жылдын июнь айына карата кыргыз экономикасынын, жарандык мыйзамдарынын жана Салык кодексинин абалына карата серепти камтыйт. Аталган каталог Эл аралык Ишкер Кеңештин жана Кыргыз Республикасында Америкалык Соода Палатасынын көмөктөшүүсү менен чыгарылды.
    Документ Жарыялар бөлүмүндө жеткиликтүү.
  • Бейкер Тилли Интернешнл Бейкер Тиллинин Түркмөнстандагы офисин Бейкер Тилли Бишкек жана БТ Түркмөн офиси деп түзүүнү жактырды. Биз Түркмөнстанда баалуу тажрыйба алабыз жана жаңы рынокто ишибиз илгери жүрөт деп ниеттенебиз!

Жаңылыктар

Декабрь 2011 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек 2012-жылдын январь айынан тарта салыктар боюнча өз ишин баштайт, ишти эл аралык аудитордук компанияларында жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында чоң иш тажрыйбасы бар айым – Юлия Абдуманапова жетектемекчи. 

Ноябрь 2011 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек жана Бейкер Тилли Тажикстан аудитордук тажрыйбасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын финансылык секторунда ФОЭС жана АКШдагы Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алган стандарттарына (US GAAP) ылайык кардарларынын отчёттуулугунун аудитин өткөрүшөт.
  • Бейкер Тилли Бишкек Кыргыз Республикасынын алдыңкы бизнес ассоциацияларынын – Эл аралык Ишкер кеңешинин жана Америкалык Соода Палатасынын мүчөсү болду.

Октябрь 2011 жыл

  • “Бейкер Тилли Бишкек” кызматкерлери Кытайдын Пекин шаарында өткөн Бейкер Тилли Интернейшнл – 2012 Бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышышты. Конференцияга Бейкер Тилли Интернейшнлдин бүткүл дүйнө жүзү боюнча мүчө-фирмаларынан 250дөн ашык делегаттары келишти.
  • Бейкер Тилли Интернейшнл тармагынын мүчөлөрү Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда колдонулган негизги салыктарга жалпы сереп камтылган Салыктар боюнча салыштырмалуу таблицаны даярдашты. Көпчүлүк чет өлкөлүк сыртсалым ээлери Борбордук Азияны бирдиктүү рынок катары кабыл алышат жана бул  сереп чөлкөмдүн салык тутумун жалпы түшүнүү үчүн пайдалуу болууга тийиш. Сиздер Жарыялар бөлүмүнөн Салыштырма таблицасынын орус жана англис тилдериндеги версияларын жүктөп алсаңыз болот.

Сентябрь 2011 жыл

  • Бейкер Тилли Бишкек компаниясы финансылык жана салык аутсорсинги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кардардык портфелин кеңейтет. Эми Компаниянын кардарларынын тизмесине электрониканын дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн бири жана америкалык ири курулуш компаниясы кирди.

Июнь 2011 жыл

    • Биз кубаныч менен Бейкер Тилли Тажикстан компаниясы ЭКОС талаптарына ылайык финансылык эсеп боюнча консалтинг кызматтарын көрсөтүү тармагында БАС ЕБРР Программасы менен аккредитацияланганын маалымдайбыз.
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Бейкер Тилли Интернейшнл эрежелерине жооп берүү үчүн “Бейкер Тилли” ЖЧК өз аталышын “Бейкер Тилли Бишкек” ЖЧК деп өзгөрттү.
    • Бейкер Тилли Кыргызстан компаниясынын өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча аракеттерин жогору баалап, АССА ага “Silver” деңгээлиндеги компаниялардын деңгээлин ыйгарды ” (ACCA Approved Employer – Trainee Development stream at Silver level).
    • Бейкер Тилли Кыргызстан компаниясынын кызматкерлери АССА эл аралык тастыкташтыруусу боюнча экзамендердин кезектеги сессиясын тапшырышты.

Май 2011 жыл

  • Бейкер Тилли Тажикстан компаниясы тарабынан телекоммуникациялар тармагындагы ири компаниянын 2009-2010 жылдарга финансылык отчеттуулугунун аудити боюнча долбоор ийгиликтүү жана өз убактысында аягына чыгарылды. 

Февраль 2011 жыл

  • Бейкер Тилли Кыргызстан компаниясы жаңы кеңсеге көчтү. Эми биз Ибраимова көчөсүндө жайгашкан “Дордой Плаза” бизнес борборунда иштейбиз.
  • Бейкер Тилли Кыргызстан компаниясынын кызматкерлери АССА эл аралык тастыкташтыруусунун биринчи экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты. Экзамендердин кийинки сессиясы июнь айына пландаштырылган.

Январь 2011 жыл

  • Реконструкциялоо жана Өнүктүрүүнүн Европалык Банкы тарабынан берилген каржылоонун алкагында, Бишкек шаарынын коомдук транспорт тармагындагы муниципалдык ишкананын 3 жылдык финансы отчетторуна аудит боюнча долбоор ийгиликтүү жана өз убагында аткарылды. 

Жаңылыктар

Декабрь 2010 жыл

  • Реконструкциялоо жана өнүктүрүүнүн Европалык Банкы тарабынан берилген каржылоонун алкагында, Ош шаарын тейлөө тармагындагы муниципалдык ишкананын 3 жылдык финансы отчёттуулугуна аудит боюнча долбоор ийгиликтүү жана өз убагында аткарылды.
  • Ошондой эле компаниянын кызматкерлери Алматы шаарында АССА эл аралык тастыкташтыруусун алууга кышкы сессиялардын биринчи экзамендерин тапшырышты. Окутуу жана экзамендерди тапшыруу компаниянын кызматкерлеринин профессионалдык жактан өсүшүнүн ажырагыс кадамы болуп саналат.

Ноябрь 2010 жыл

  • Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү боюнча Европа Банкынын каржылоосунун алкагында, Жалалабад шаарынын тейлөө тармагындагы муниципалдык ишканасынын 3 жылдык финансы отчеттуулугунун аудити боюнча долбоор ийгиликтүү жана белгиленген мөөнөтүндө аяктады.

Октябрь 2010 жыл

  • Биздин компания Тажикстан Республикасында аудитордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө тастыккат алды. Азыркы учурда адистерди кабыл алуу жана Тажикстан Республикасынан кардарларды издөө ишке ашырылууда.
  • Ошондой эле, ФОЭСке (Финансы Отчеттулугунун Эл аралык Стандарттарына) киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр тууралуу ФОЭСтин маалымат кагазынын биринчи басылмасы чыгарылып, таркатылды, электрондук версиясын ”Жарыялар” бөлүмүнөн таба аласыз.

Август-Сентябрь 2010 жыл

  • Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү боюнча Европа Банкынын каржылоосунун алкагында, транспорт  тармагындагы муниципалдык ишкананын 3 жылдык финансы отчеттуулугунун аудити боюнча долбоор ийгиликтүү жана белгиленген мөөнөтүндө аяктады.

Июль 2010 жыл

  • Компаниянын директору Кубат Алымкулов АССА нын эл аралык тастыкташтыруусун алуу үчүн бардык 14 экзаменди ийгиликтүү тапшырды! ACCA нын сайты.
  • Ал убакта, башка кызматчылар АССА нын тастыкташтыруусун алууга катталышты, сынактардын жакынкы сессиясы 2010 – жылдын декабрында болот.
  • Ошондой эле, аудиторлордун ынтымактуу командасы берметтей Ысык-Көлдүн жээгинде унутулгус дем алыш күндөрүн өткөрүп жатышат, жаратылышта жагымдуу эс алууну пайдалуу иш менен – дасыкты жогорулатуу боюнча аудитордук профессионалдуу тренингдер менен айкалыштырышууда.

Июнь – Июль 2010 жыл

  • Биздин кызматчылардын бир катары Тажикстан Республикасында эл аралык финансы институттары тарабынан колдоого алынган бир нече ири долбоорлордун финансы отчеттуулугуна аудит жүргүзүү боюнча долбоорлорго катышууда.

Январь – Апрель 2010 жыл

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жана Тажикстандын коммерциялык банктарына  аудит жүргүзүү боюнча долбоорлордун финалдык бөлүгү өтүп жатат.

Жаңылыктар

Декабрь 2009 жыл

  • Бир нече ири компаниялар менен 2010 – жылда аудит жүргүзүү кызматын көрсөтүү боюнча консультациялар өтүп жатат, корпоративдик жаңы жыл кечеси өткөрөлүүдө.

Ноябрь 2009 жыл

  • Биздин адистердин бир катары Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына аудит жүргүзүү боюнча долбоорго катышып жатышат.

Октябрь 2009 жыл

  • Компаниянын жетектөөчү кызматчылары Кыргыз Республикасынын финансы рыногун Көзөмөлдөө жана жөнгө салуу  Кызматы  тарабынан  берилген аудитордун энчилүү дасык тастыктыгын алышты. Тажикстан Республикасында биринчи аудитордук долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашыруу башталды.

Сентябрь 2009 жыл

  • Кыргыз Республикасынын финансы рыногун Көзөмөлдөө жана жөнгө салуу  Кызматы  тарабынан берилген аудит боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укук берүүчү  тастыккат  алынды.

Август 2009 жыл

  • «Ай-Траст» аудитордук компаниясы каттоодон өттү, кызматчыларды кабыл алуу жүрүп жатат.

An independent member of Baker Tilly International